Нью-Йоркто Садыр Жапаров АӨБнын башкаруучу директору менен жолукту

19.09.2023, 09:30 Акчабар
Нью-Йоркто Садыр Жапаров АӨБнын башкаруучу директору менен жолукту

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Азия өнүктүрүү банкынын башкаруучу директору Вучонг Ум менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы долбоордук жана программалык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде 2023-2027-жылдарга Кыргызстан үчүн жаңы өнөктөштүк стратегиясы боюнча пикир алмашуу болду.

“АӨБ Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү, банктын колдоосу менен өлкө көп жылдардан бери өнүгүүнүн бардык негизги багыттары боюнча маанилүү долбоорлорду ишке ашырып келет. Бүгүнкү күндө банк расмий каржылык жардам көрсөтүү боюнча эң ири чет элдик донор экенин белгиледи.”, - деди президент.

Өз кезегинде АӨБ башкаруучу директору Вуучонг Ум Кыргызстан банк үчүн маанилүү өнөктөш экенин айтып, уюм ири масштабдуу стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууда, анын ичинде энергетика тармагында кызматташууну кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даяр экенин ырастады.

Ошону менен бирге президент банкты “Камбар-Ата-1” ГЭСин жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун, транспорттук инфраструктура жана энергетика тармагындагы келечектүү эки ири “жашыл” долбоорду каржылоого чакырды.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу