Кыргызстан «COVID-19суз саякаттайм» пилоттук долбооруна катышат

03.02.2021, 16:00 Акчабар
Кыргызстан «COVID-19суз саякаттайм» пилоттук долбооруна катышат

ЕАЭБ биримдиктин ичиндеги авиабайланышты жандандыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат. Тийиштүү суроолор 1-февраль күнү ЕАЭБдин башкы санитардык дарыгерлер кеңешинин жыйынында талкууланган. Бул тууралуу Россиянын ММКлары жазып чыкты.

 

Жыйында Евразия өнүктүрүү жана калыбына келтирүү банкынын демилгеси менен  «COVID-19суз саякаттайм» тиркемесин масштабдуу ишке киргизүү жөнүндө сүйлөшүүлөр болгон.

Банктан билдиришкендей, «Коронавируссуз саякаттайм» тиркемеси, биримдиктеги бир өлкөнүн аймагына кирүү үчүн ПЦР- тесттердин жыйынтыктарын тастыктоо үчүн иштелип чыккан.

1-февралдан 1-мартка чейин Россия, Армения жана Белорусиянын жарандары «COVID-19суз саякаттайм» тиркемесин тестирлөөдөн өткөрө алышат. Ал эми Кыргызстан менен Казакстан бул пилоттук долбоорго катышпайт. 

Бул Кыргызстандагы туруктуу каттамдарга кандай таасирин тийгитзет? Бул тууралуу «Акчабар» ЕЭКтеги Кыргызстандын өкүлү Алмаз Сазбаковдон сурап көрдү.

«Кыргызстан «COVID-19суз саякаттайм» пилоттук долбооруна баштан бери катышкан эмес. Бирок, азыр биз долбоорго катышуу үчүн арыз бердик. Азыркы учурда Саламаттык сактоо тармагы банк менен биргеликте программаны ишке киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө»,— деп билдирди Алмаз Сазбаков.

 

 

Тэги: Авиасообщение путешествуй без Covid19 экономика санврачи пандемия коронавируса борьба с COVID-19

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу