БАЭ Кыргызстан менен банктык байланыштарды түзүүгө кызыктар

24.06.2021, 09:20 Акчабар
БАЭ Кыргызстан менен банктык байланыштарды түзүүгө кызыктар

Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстан менен банктык байланыш түзүүгө кызыктар. Бул тууралуу Бириккен Араб Эмираттарынын Кыргызстандагы элчиси Саид Матар Аль Кемзи тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушууда билдиргенин Тышкы иштер министрлиги маалымдады. 

Саид Матар Аль Кемзи Эмират тараптын Токмок шаарында Ислам академиясынын курулушу жана Нарын жана Баткен облустарындагы калктын аялуу катмарына социалдык турак жай куруу үчүн Бириккен Араб Эмираттарынын каржылоосу менен долбоорлорду тез арада ишке ашыруу ниетине ишендирди. 

 

Руслан Казакбаев өз кезегинде 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоону суранды.

 

Тэги: экономика МИД ОАЭ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу