«Айыл Банк» жаңы инновациялык долбоорду баштады

08.07.2019, 14:06 Өнөктөштүк макаласы
«Айыл Банк» жаңы инновациялык долбоорду  баштады

 Кыргызстандын ири бактарынын бири финансы рыногунда жаңы жана уникалдуу банк кызматын сунуштады. 

«Айыл Банк» ААК кардарлары, өнөктөштөрү жана кызыккан тараптар үчүн маалыматтык-соода платформасын сунуштап, AB Dealing жана «Элкарт Алтын» төлөм системасы менен  тааныштырды. 

Иш чарага банктын жетекчилиги, КМШ боюнча бизнести өнүктүрүү боюнча жетекчиси Thomson Reuters Александр Аухариев, «Айыл Банктын» кардалары менен өнөктөштөрү катышты.

AB Dealing. Маалыматтык-соода платформасы AB Dealing  Thomson Reuters компаниясы менен биргеликте негизделип, алар дүйнө жүзү  боюнча аналитикалык маалыматтар менен бизнеске маалымат берүүчү абройлуу компания болуп саналат. 

«Айыл Банк»  ААК кардарлары менен өнөктөштөрү валюталарды дароо сатып алып,сатуу  менен пайда көрүүгө мүмкүнчүлүк  түзүүдө. Ал үчүн AB Dealing соода -платформасынын курсун гана байкоого алып туруу зарыл. 

Банк менен  кардардын ортосундагы көнүмүш адатка караганда, бул платформа дүйнөнүн кайсыл тарабы болбосун, күн-түн дебей операция жасоого мүмкүндүк берген уникалдуу сунуш. 

AB Dealing буюрутма берүүгө колдонсо болот, анда чет элдик валюталар  менен баалуу металлдарды (сатып алуу/сатуу)  (ОМС) жүргүзө аласыз.

Бир күндө бир нече жолу валюталык операция жасаган кардарлар дал ушул AB Dealing системасын жакшы баалашмакчы. Анткени, бул алардын жумушун алда канча жеңилдетет.

«Элкарт Алтын».«Айыл Банк» ААК менен  «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК биргеликте «Элкарт Алтын» картасы чыгарылып, ал Кыргызстандагы баалуу металлдарга байланган алгачкы  төлөм карта.

 «Айыл Банк» ААК  кардарына «Элкарт Алтын»  картасын ачып, ага кардар банктын курсу менен алтын же баалуу металлдарды сатып алса болот.

Алтындын баасы ички рыноктогу Улуттук банк койгон курста сатуу жана сатып алуу жасалып, дүйнөлүк рыноктогу алтынга болгон суроо-талап дагы эске алынат. Алтын жана башка баалуу металдардын учурдагы курсун билүү үчүн «Айыл Банктын» ab.kg сайтына кирип туруңуздар.

Эсептеги калдыктарды бул карта менен дагы башкарса болот. Сиз соода борборунда сатып алуу, банкоматтарда нак акча чыгаруу жасай аласыз. Абройлуу «Элкарт Алтын»  картасы акча чогултууга, же алтын сатып алууга төлөм жасоого ыңгайлуу төлөм картасы. 

«Айыл Банк»Кыргызстандагы банктардын арасында биринчилерден болуп, Баалуу металлга байланган алгачкы картаны чыгарган банк.  

Жаңы сунуш менен таанышуу аземине жүздөн ашык ири компаниялардын өкүлдөрү катышты. «Айыл Банктын» жаңы сунушу бир канча кызыгууну жаратып, алгачкы кардарлар баалуу металлдарды сатып алууга үлгүрүштү. 

Тэги: Айыл Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу