«Бала-Саруу» ГЭСин куруу үчүн «Чакан ГЭС» ААК каржы алат

28.12.2021, 09:06 Акчабар
«Бала-Саруу» ГЭСин куруу үчүн «Чакан ГЭС» ААК каржы алат

“Чакан ГЭС” ачык акционердик коому Талас облусундагы Киров суу сактагычына “Бала-Саруу” ГЭСин куруу үчүн Кыргыз- орус өнүктүрүү фондунан 22, 9 млн доллар өлчөмүндө каржылоо алат. Тийиштүү чечим министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган.

“Бала-Саруу” ГЭС курулуш долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзөн, үч генераторлуу, орточо 92 млн кВт.с өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан ГЭСти түшүндүрөт. Аталган гидроэлектростанциянын иштөө режими ирригациялык режимге жана Киров суу сактагычынан сууну кое берүүсүнө ылайык жөнгө салынат.

“Кыргызстанда узак убакытан бери алгач ирет мамлекеттин катышуусу менен чакан ГЭСтерди куруу башталды десек болот. Ири гидроэнергетикалык объектилер менен катар чакан гидроэнергетиканы бирдей өнүктүрүү республиканын экспорттук потенциалын жогорулатууга жана кургакчыл мезгилде кошумча электр энергиясын өндүрүү менен генерациянын негизги булагы болгон Токтогул ГЭСине көмөкчү болуп берет”,- деп билдиришти министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан.

Эске салсак, ушул жылдын 29-августунда президент Садыр Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Киров суу сактагычында “Бала-Саруу” жаңы чакан гидроэлектр станциясын курууга капсула салган.

Кошумчалай кетсек, жаңы гидроэлектр станциясынын курулушун Энергетика министрлигинин жана “Улуттук холдинг компаниясы” ААКнын көмөгү менен “Чакан ГЭС” ААК иш жүзүнө ашырмакчы. Жол картасына ылайык, долбоорду 2022-жылдын декабрь айында жыйынтыктоо пландаштырылууда.

Тэги: Чакан ГЭС строительство гидроэнергетика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу