Ушул жылдын башынан бери ААК “Гарантиялык фонду” 519 млн. сомго 1 жылдан 2 жылга чейинки 302 кепилдикти бекиткен. Анын ичинен 155 кепилдик, 1-2 жылдык мөөнөткө берилген деп билдирет ГФ басма сөз кызматы.
87 кепилдик 2-3 жылдык мөөнөткө, 44 – 1 жылга чейин жана 7 кепилдик 3 жылдан жогору берилген. Насыялардын көлөмү, банк аркылуу 1.5 млрд. сомго бекитилген.
2019 – жылдын 11 – сентябрдагы маалыматына ылайык, Гарантиялык фонд 1.2 млрд. сомго 958 кепилдикти бекиткен.