Кара-Балтадагы комбинаттын жерлери «Кыргызалтындын» пайдалануусуна берилди

09.08.2022, 13:31 Акчабар
Кара-Балтадагы комбинаттын жерлери «Кыргызалтындын» пайдалануусуна берилди

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна Кара-Балта тоо-кен комбинатынын аймагында мөөнөтсүз жайгашкан жер тилкелерин пайдалануу укугуна мамлекеттик актылар келип түштү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Муну менен “Кыргызалтын” уран концентраттарын казып алуу жана кайра иштетүү менен алектенген Кара-Балта тоо-кен комбинатынын жер тилкелерин пайдалана алат.

Белгилеп кетсек, мындай документ ээликтен ажыратуу, башкача айтканда имараттарды, жайларды жана курулмаларды сатуу, белекке берүү, өзгөртүү келишиминин, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун токтомунун негизинде берилет.

Тэги: Кыргызалтын КБГК бессрочное пользование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу