Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдеринин көлөмү 81,7%га өстү

19.04.2024, 11:54 Акчабар
Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдеринин көлөмү 81,7%га өстү

Быйылкы жылдын март айынын аягында (ред. акыркы статистика) Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери 158 млрд 28,8 млн сомго бааланган. Мындай маалыматтар жөнгө салуучу органдын каржылык абалы боюнча отчетунда жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу активдердин көлөмү 71 млрд 77,7 млн сомдон ашык, башкача айтканда 81,7%га өскөн.

Бирок, документте Улуттук банктын монетардык эмес алтындагы активдери жана алтын запастары тиешелүү мезгил ичинде азайгандыгын көрсөтөт. Ошентип, жыл ичинде, 2023-жылдын мартынан 2024-жылдын мартына чейин алар 156 млрд 669,8 млн сомдон 128 млрд 52,06 млн сомго чейин азайган.

Натыйжада,Улуттук банктын баалуу металлдардагы жалпы активдери монетардык эмес алтын менен 286 млрд сомдон ашык суммага бааланды. 

Тэги: экономика новости Кыргызстана золото активы НБ КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу