Январь-октябрь айларында Кыргызстандын экспортунун жалпы көлөмү нарктык мааниде 1 миллиард 860 миллион 818,3 миң долларды түздү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, экспорт өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23,1%га азайган.
Маалыматка ылайык, эң көп Бишкек шаарынан чыгарылган экспорт 69,2%га кыскарган.
Ошондой эле, экспорттун көлөмү Таластан 52,5% жана Ысык-Көл 42% кыскарган.
Тескерисинче, Нарын облусу экспорттун көлөмүн 174,1%га, Чүй облусу 159,3%га жана Баткен облусу 148,4%га көбөйткөн. Экспорттун жалпы көлөмүндө Нарын 43,2%, Чүй 2,5% жана Баткен 1% үлүшү бар.