Кепилдик фонддун кепилдиги менен берилген кредиттердин көлөмү 11 млрд сомдон ашты

08.11.2021, 11:50 Акчабар
Кепилдик фонддун кепилдиги менен берилген кредиттердин көлөмү 11 млрд сомдон ашты

2021-жылдын октябрынын акырына карата Кепилдик фондунун өнөктөш банктары тарабынан берилген кредиттердин көлөмү 11 миллиард 42 миллион сомго жетип, 11 миллиард чектен ашты. Бул тууралуу ачык акционердик коомдун сайтында маалымдалды.

Алардын айтымында, фонд тарабынан 3 миллиард 193 миллион сом суммасында 2 миң 290 кепилдик бекитилип, анын 84 пайызы өлкөнүн аймактарынан кичи жана орто бизнеске берилген.

Ушул жылдын башынан 31-октябрга чейин 911 миллион 6 миң сомго 615 кепилдик бекитилген. Алардын алкагында өнөктөш банктар 3 миллиард 157 миллион сом өлчөмүндө насыя беришкен.

"Ишкерлерди колдоо үчүн берилген кепилдиктердин жана берилген кредиттердин саны жана көлөмү боюнча бүгүнкү күнгө карата көрсөткүчтөр 2020-жылдагы көрсөткүчтөн ашып кеткендигин белгилейбиз”, - деп билдирди Кепилдик фонд.

Өткөн жылы Кепилдик фонду ААКсы өлкөнүн чакан жана орто ишканаларына 779,1 миллиард сом өлчөмүндө кепилдиктерди берүү менен колдоо көрсөткөн. Аларга банктар тарабынан 2,9 млрд сом өлчөмүндө насыя берилген.

Тэги: Гарантийный фонд банковские гарантии долгосрочные кредиты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу