Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн индекси 14,3% өстү

14.12.2022, 13:47 Акчабар
Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн индекси 14,3% өстү

Кыргызстанда 2022-жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн индекси 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,3%га өстү. Бул ЕАЭБ боюнча эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиясы билдирди. 

Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн индекси кайра иштетүү (+21,1%) жана тоо-кен казып алуу өнөр жайында (+6,1%) өскөн. 

Мында электр энергиясы, газ менен камсыздоо, буу жана кондициялоо тармагында өнөр жай өндүрүшүнүн индекси 8,2%га, суу менен камсыздоо чөйрөсүндө 9,3%га төмөндөгөн.

Кошумчалай кетсек, Арменияда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 9,9%, Казакстанда 1,4%, Орусияда 0,1% өскөн. Ал эми Белоруссияда 5,9%га кыскарган. 

 

Тэги: новости Кыргызстана ЕЭК промышленность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу