Кыргызстанга келген түз чет элдик инвестициянын көлөмү 628 миллион долларга жетти. Бул тууралуу вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаев Бишкек инвестициялык форумунда билдирди.
Ошондой эле, ал түз инвестициялардын негизги көлөмү геологиялык чалгындоого, тоо-кен иштерине, маалымат жана коммуникация тармагына багытталгандыгын кошумчалады.
“Экономиканын приоритеттүү тармактарына инвестиция салган инвесторлор жеңилдиктерге жана артыкчылыктарга ээ болушат”, - деди Төрөбаев.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане