2022-жылдын жана 2023-жылдын 9 айында түз инвестициянын жалпы агымы 1 млрд 856 млн доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Талантбек Иманов билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча түз инвестициянын агымы боюнча алдыңкы беш өлкө: Кытай – 157 млн доллар, андан кийин Орусия – 131 млн доллар, Казакстан – 54,9 млн доллар, Нидерланды – 54,6 млн доллар жана Түркия – 43,2 млн.
2023-жылдын 9 айында түз инвестициялардын агылып келүүсү боюнча Кыргызстандын алдыңкы беш облусу жана шаарлары: Бишкек шаары – 325,4 млн доллар, Талас облусу – 93,8 млн доллар, Чүй облусу – 83,4 млн доллар, Жалал-Абад облусу – 77,5 млн доллар жана Ош облусу – 23 млн доллар.