Кыргыз фондулук биржасындагы соода көлөмү бир миллиард сомдон ашты

13.08.2021, 09:55 Акчабар
Кыргыз фондулук биржасындагы соода көлөмү бир миллиард сомдон ашты

Ушул жылдын январынан 12-августуна чейин Кыргыз фондулук биржасынын сайтындагы сооданын жалпы көлөмү 1 миллиард 389 миллион 266,2 миң сомду түздү. Мындай маалыматтар биржанын расмий сайтында берилген.

Жалпы көлөмдүн 68,12%ы биринчи рынокко туура келди. Жыйынтыгында бизнес жети айдын ичинде эле 946 миллион 467,1 миң сомдук капиталды тартты.

Акчаны 15 компания тең бөлүшкөн эмес, биржага түшкөн акчанын 72,3%ын беш коммерциялык банк алган.

Калган 442 миллион 798,4 миң сомду экинчи рыноктогу бүтүмдөр түзөт. Жалпысынан каралып жаткан мезгилде 94,6 миллион баалуу кагаздар менен 1241 бүтүм жүргүзүлгөн.

Тэги: биржа бизнес деньги Кыргызская фондовая биржа акции облигации

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу