Кыргыз фондулук биржасында сооданын көлөмү 76%га өстү

28.12.2021, 16:03 Акчабар
Кыргыз фондулук биржасында сооданын көлөмү 76%га өстү

Өткөн жумада, 20-декабрдан 24-декабрга чейин Кыргыз фондулук биржасынын системасындагы сооданын көлөмү өткөн мезгилге салыштырмалуу 76%га өсүү менен 33 млн сомду түздү. Соодада жалпысынан 64 келишим катталып, 10 инструмент катышкан.

Келишимдер корпоративдик баалуу кагаздар менен гана түзүлдү, түрлөрү боюнча облигациялар үстөмдүк кылып, жумалык соода көлөмүнүн 65%ын түздү.

Биринчи рынок

Биринчи рыноктун секциясында өткөн аптада корпоративдик облигациялар менен гана келишимдер катталган, секциянын жалпы соода көлөмү 21,3 млн сомду түзгөн, жайгаштырууну үч компания ишке ашырган, анын ичинде “Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы” ЖАК, “Салым Финанс” МФК ААК жана “Первая Металлобаза” ЖЧКсы.

“Өткөн жумада “Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы” ЖАК 6-чыгарылыштагы облигацияларды 9,4 млн сомго жайгаштырды, эки соода мезгилинде банк 200 млн сомдук жалпы көлөмдүн 6% облигацияларын жайгаштырууга жетишти”, - деп билдиришти биржанын аналитиктери.

Ошол эле учурда “Салым Финанс” МФКнын 6-чыгарылышынын облигациялары бир жума ичинде 1,5 млн сомго жайгаштырылган, 23-декабрда компаниянын облигацияларын сатуу башталгандан берки мезгил ичинде 96,5 млн сомдук жалпы көлөмдүн проценти жайгаштырылды.

Ал эми 24-декабрда «Первая Металлобаза» ЖЧКсынын облигацияларынын 6-чыгарылышын жайгаштыруу башталды, жайгаштыруунун 1-күнүндө компаниянын облигацияларын сатуунун көлөмү 10,4 млн сомду (чыгаруунун жалпы көлөмүнүн 10,4%) түздү.

Экинчи рынок

Экинчи рынокто 11,7 млн сомго 15 гана келишим катталган. Секциядагы сооданын дээрлик бардык көлөмүн “ФинансКредитБанк” ААКнын жөнөкөй акциялары менен келишим ээлеп, бир акциянын баасы 0,4 сомдон 10,9 млн сомго аткарылган.

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын жөнөкөй акциялары менен 500 миң сомдук келишимдер катталган”, жуманын биринчи келишими боюнча акциянын баасы болгону 16 баалуу кагаз менен 950 сомду түздү, келишимжин калган көпчүлүк бөлүгү жалпы 465 акция кагазга 870 сомдук баада жасалган”, - деп белгилейт Кыргыз фондулук биржа.

Бөлүмдө азыраак көлөм менен “Бишкексүт” ААК, “Кыргызстан” КБ ААК, “Бишкеккурулуш” ААК, “Кредиттик союздардын Финансылык компаниясы” ААК жана “ЦУМ Айчүрөк” ААК акциялары менен келишимдер катталган. Экинчилик рынокто бир келишим “Салым Финанс” МФК ААКнын корпоративдик облигациялары менен номиналдык баалуулукта катталган.

Тэги: Кыргызская фондовая биржа акции облигации инвестиции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу