Кыргызстан менен ЕАЭБ ортосундагы сооданын көлөмү 11%га кыскарды

11.04.2023, 10:48 Акчабар
Кыргызстан менен ЕАЭБ ортосундагы сооданын көлөмү 11%га кыскарды

Быйылкы жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар соодасынын көлөмү 1,7 миллиард долларды түздү, - деп билдирди Улуттук статистикалык комитеттин өкүлү Зайнидин Жумалиев.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көлөм 22,7%га өскөн. Мында экспорттук жеткирүүлөр 2,2%га, импорттук түшүүлөр 27,2%га көбөйгөн.

Ошону менен бирге ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара сооданын көлөмү 545,3 миллион долларды түзүп, 2022-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 11%га азайган.

"Бул импорттук түшүүлөрдүн 18,6%га азайышына байланыштуу. Ошол эле учурда экспорттук жеткирүүлөр 14,3%га өстү", - деди Жумалиев.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстан эң көп Орусия (61,6%) жана Казакстан (35,5%) менен соода жүргүзгөн.

Тэги: новости Кыргызстана ЕАЭС внешняя торговля экспорт импорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу