Кыргызстандын ЕАЭБ мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2021-жылдын январь-май айларында 1 миллиард 354,8 миллион долларды түздү жана 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,8% га өстү, деп жазды республиканын Улуттук статистикалык комитети.
Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө ЕАЭБ менен өз ара соода 48,2% түздү, анын ичинде экспорт - 45,4%, импорт - 49,3% болгон. Өлкөнүн өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Орусияга (64%) жана Казакстанга (34,3%) туура келген.
Экспортто негизги үлүштү Казакстан (57%) жана Орусия (41,6%) ээлейт. 1,4% Беларуссияга туура келген. Импорттун 72,5% Орусияга, 25,7% Казакстанга, 1,8% Беларуссияга туура келет.
Ал эми Армения менен 700 миң долларга бааланган импорттук операциялар жүргүзүлгөн.