Жыл башынан бери Бишкек шаарынын региондук дүң продукциясынын көлөмү 99,2%реалдуу өсүү темпи менен 108 млрд 26,9 млн сомду түздү. Бул тууралуу мэрияда өткөн жыйында айтылды.
Жыйында ошондой эле жер тилкелерин ижарага берүүнүн ачыктыгын жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында "Комиссиянын жыйынынын электрондук күн тартиби" модулу жана мэриянын жерге жайгаштыруу боюнча QR кодун колдонуу менен объекттерди идентификациялоо системасы белгиленди.
Жыйында ишканалардын дебитордук карызы боюнча мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө ар бир мекеме менен өзүнчө иш алып баруу тапшырылды.