Тышкы жана өз ара сооданын көлөмү 3,8 млрд долларды түздү

15.09.2021, 10:14 Акчабар
Тышкы жана өз ара сооданын көлөмү 3,8 млрд долларды түздү

 

Кыргызстандын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча, ушул жылдын январь-июлунда 3 млрд 834 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,6% га өскөн.

Январь-июль айларында өлкөнүн ЕАЭБ мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 1 миллиард 537,5 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26% га өстү. Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен өз ара соода 46,2% ды түздү, анын ичинде экспортто 45,8%, импортто 46,4% болду.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Орусияга (64,8%) жана Казакстанга (32,8%) туура келди.

Экспортто да негизги үлүштү Орусия (50,5%) жана Казакстан (47,8%) ээлейт. Жеткирүүнүн 1,7% гана Беларуска туура келген. Импорттун 69,6% РОрусияга, Казакстан 27,8%, Беларусь 1,9% жана Армения 0,7% түзөт.

Тэги: товарооборот Кыргызстан взаимная торговля внешняя торговля экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу