Өлкөнүн тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 41,2%га өстү

13.12.2022, 16:55 Акчабар
Өлкөнүн тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 41,2%га өстү

Ушул жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын товарлар боюнча тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 9,6 миллиард долларды түздү. Тышкы жана өз ара сооданын көлөмү 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 41,2%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Маалыматка ылайык, экспорттук жеткирүүлөр 23,1%га кыскарса, импорттук түшүүлөр, тескерисинче, 1,7 эсеге өскөн. 

Ошону менен бирге, ушул жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 3,8 миллиард долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,2%га өскөн.

“Экспорттук жеткирүүлөр 1,9 эсеге, импорттук түшүүлөр 22,9%га өстү”, -деп билдирди Улуттук статистикалык комитет.

Быйыл январь-октябрь айларында өлкөнүн ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Орусияга (72,3%) жана Казакстанга (25,5%) туура келген.

 

Тэги: новости Кыргызстана Нацстатком взаимная торговля в ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу