Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча, ушул жылдын январь-март айларында 2 миллиард 108,7 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалым болду.
Соода өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 48,4%га өскөн.
"Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара сооданын көлөмү 39,6%ды, анын ичинде экспортко 53,5%ды, импортко 36,7%ды түздү", — деп айтылат статистикалык мекеменин маалыматында.
Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соода 60,4%ды, анын ичинде экспортто 46,5% жана импортто 63,3% түзөөрүн кошумчалайбыз.
Эске салсак, буга чейин “Акчабар” биринчи кварталда экспорт 13,6% төмөндөп, импорт 1,7 эсеге өскөнүн жазган.