Товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 25,4%га өстү

17.05.2023, 11:06 Акчабар
Товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 25,4%га өстү

Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, алдын ала маалыматтар боюнча, ушул жылдын январь-март айларында 2 миллиард 724 миллион долларды түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 25,4% түздү.

Экспорттук жеткирүүлөр 434,8 млн долларды түздү, бул 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 15,6%га жогору. Импорттук түшүүлөр 27,4%га өсүп, 2 млрд 289,2 млн долларды түздү.

"Соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорт 16%ды, импорт 84%ды түздү", - деп тактайт Улуттук статистикалык комитет.

Маалым болгондой, республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер менен өз ара соода 30,3%ды, анын ичинде экспортто 53,5%ды, импортто 25,9%ды түздү. Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соода 69,7%ды түздү (экспорт – 46,5%, импорт – 74,1%).

Тэги: новости Кыргызстана товарооборот импорт экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу