Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында маалымдалгандай, 2021-жылдын январь-июнунда ЕАЭБге кирбеген өлкөлөр менен тышкы соода көлөмү 24,5% га өсүп, 371,1 млрд долларды түздү.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экспорт да, импорт да өстү.
ЕАЭБден экспорттолуучу товарлардын негизги сатып алуучулары Европа Биримдигинин өлкөлөрү болгон, алардын үлүшү экспорттук жеткирүүлөрдүн 42% ын түзгөн.
Продукция импорттогон өлкөлөрдүн арасында Кытай менен Германия лидер экенин кошумчалайбыз.