Кыргызстандын тышкы өз ара соодасынын көлөмү 4,3 млрд долларды түздү

12.10.2021, 11:02 Акчабар
Кыргызстандын тышкы өз ара соодасынын көлөмү 4,3 млрд долларды түздү

Ушул жылдын январь-августунда Кыргызстандын тышкы өз ара соодасынын көлөмү 4,3 миллиард долларга бааланганын Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бактыбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын ушул мезгилине карата өсүш 19,7%ды түздү.

"Көрсөткүч импорттун 41,4%га өсүшү менен камсыздалды, ал эми экспорт 19,5%га кыскарды. Экспорттун кыскарышы алтын, мөмө-жемиш жана жаңгак, трикотаж жана сүт азыктарынын азайышына байланыштуу. Муну менен бирге синтетикалык продуктылардан, керамикалык буюмдардан, электр машиналары менен жабдуулардан, текстилдик кийимдерден, балык, тамеки буюмдарынан жана кездемелердин экспорту көбөйдү", - деди ал.

Шокенов импорттун көбөйүшүнө эмне себеп болгонун да түшүндүрдү.

Анын айтымында, импорттоочу өлкөлөр кийим-кече, химиялык продуктыларды, эт азыктарын жана башкаларды жеткирүүнү көбөйтүштү.

"Ошол эле учурда буудай унунун, кара металлдан алынган продукциянын, тамеки буюмдарынын жана буудайдын келүүсү төмөндөгөн", - деп кошумчалады статистикалык мекеменин төрагасынын орун басары.

 

Тэги: внешняя торговля Кыргызстан деньги экспорт импорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу
<
×