Токтогулдагы суунун көлөмү бир айда 1 млрд кубометрге азайды

02.12.2021, 11:54 Акчабар
Токтогулдагы суунун көлөмү бир айда 1 млрд кубометрге азайды

Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 3,98 миллион кубометрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын сайтында жазылды.

Ал эми суунун агып кириши секундуна 170 кубометр, чыгымы 498 кубометрди түзүүдө.

Ушул жылдын 25-октябрына карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 89,26 миллион кубометрди түзгөн. Ал эми суткалык суунун орточо агып кириши секундасына 198 куб метрди түздү.

Ошентип, бир айдан ашык убакытта көлөм 1 миллиард 85,28 миллион кубометрге азайган.

Эксперт Расул Умбеталиевдин айтымында, суунун деңгээли 9 миллиард куб метрден төмөн болушу критикалык абалдын башталышы катары каралууда. Ал эми деңгээл 5,6 миллиард куб метрге түшсө, электр энергиясын өндүрүү мүмкүн болбой калат.

Тэги: Токтогульское водохранилище

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу