Кыргызстанда берилген кредиттердин көлөмү 40%га өстү

08.04.2024, 10:47 Акчабар
Кыргызстанда берилген кредиттердин көлөмү 40%га өстү

Жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын банктары тарабынан берилген жаңы кредиттердин көлөмү 40%га өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) басма сөз кызматы билдирди.

Кредиттөө көлөмүнүн өсүшү соода тармагына жана керектөөчүлүк максаттарга берилген насыялардын көлөмүнүн өсүшү менен түшүндүрүлөт. Ошондой эле айыл чарбасын, өнөр жайды жана курулушту кредиттөөнүн кеңейиши белгиленди.

"Ошол эле учурда транспорт сектору, ошондой эле даярдоо жана кайра иштетүү тармагы 2024-жылдын январь-февраль айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азыраак көлөмдө кредиттерди тартты", — деп айтылат маалыматта.

Тэги: экономика новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу