ЕАЭБдеги өз ара сооданын көлөмү 95 млрд долларга чейин өсүшү мүмкүн

24.01.2023, 13:14 Акчабар
ЕАЭБдеги өз ара сооданын көлөмү 95 млрд долларга чейин өсүшү мүмкүн

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын 11 айында 2021-жылдын 11 айына салыштырмалуу 12,9%га өсүп, 74,6 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) билдирди. 

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ичинен Россиянын  импорту болжолдуу түрдө 31,2%га көбөйдү. Ал ЕАЭБге үчүнчү өлкөлөрдөн келген жеткирүүлөрдү, анын ичинде параллелдүү импорт каналдары аркылуу жеткирүүлөр менен алмаштыруунун эсебинен болгон.

ЕАЭБдин өз ара соодасындагы Армениянын үлүшү 1,2%дан 2,9%га, Кыргызстандын 1,1%дан 1,8%га, Казакстандын 10,7%дан 11,6%га чейин өстү.

Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктеринин болжолуна ылайык, 2022-жылы өз ара сооданын көлөмү 82-84 миллиард долларга бааланат (өткөн жылга салыштырмалуу болжол менен 13%га жогору) жана 2023-жылы экономикалар жаңы шарттарга ыңгайлашканда жана Евразия чөлкөмүндөгү транспорттук-логистикалык инфраструктураны кайра багыттоодо 87-95 миллиард долларга жетиши мүмкүн. 

Тэги: новости Кыргызстана экономика новости экономики взаимная торговля в ЕАЭС ЕАЭС ЕАБР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу