Карыздык милдеттерди кайра каржылоо аркылуу жеңилдетүүгө болот - Асрандиев

22.07.2020, 16:15 Акчабар
Карыздык милдеттерди кайра каржылоо аркылуу жеңилдетүүгө болот - Асрандиев

Ишкерлердин көпчүлүгү насыялык үстөктөрдүн жок дегенде бир бөлүгүн  жоюуу маселеси менен кайрылууда. Малекет менен банктар мындайды түздөн-түз жасай албайт, бирок карызды жеңилдетүү маселесин кайра каржылоо аркылуу ишке ашырууга болот. Бул туурлауу бүгүнкү брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ал белгилегендей, башкарууда, салыктар, социалдык төлөмдөр тармагында жеңилдиктер берилип, текшерүүлөр токтотулуп, отчет тапшыруу мөөнөттөрү жылдырылган. Мамлекеттик мүлктү ижарага алуу жагынан ижараны төлөө токтотулган.

154 миң карыз алуучулары жалпы суммасы 76 млрд сомго насыяларды реструктуризациялоону алган. Башкача айтканда, Кыргызстандын насыялык портфелинин дээрлик жарымы реструктуризацияланган.

«Бүгүнкү күндө бизнести льготалык насыялоо программасы боюнча каржылоонун жалпы суммасы 4.2 млрд сомду түздү. Анын ичинде, КР Улуттук банкынын каражаттарынын эсебинен 1.9 млрд сом берилген, бюджеттин каражаттарынын эсебинен, тышкы булактардын эсебинен – 2.3 млрд сом»,-деп кошумчалады Асраниев.

Ошондой эле вице-премьер-министр сырткы жардамсыз баардык социалдык милдеттерди аткаруу колдон келмек эместигин кошумчалады.

«Сырткы жардамсыз оор болмок, жана биз социалдык милдеттерди аткара албайт элек. Бүгүнкү күндө, баардык мамлекеттик кызматтагылардын айлык акыларын, пенсия жана пособияларды төлөө өз убагында ишке ашууда. Кандайдыр бир деңгээлде, бул тышкы жардамдын эсебинен»,-деди ал.

Мисалга, бюджеттин мурунку аралыктагы кирешелик бөлүгүн жалаң салыктык жана бажылык төлөмдөр түздү. Салыктык эмес чогултуулар 57 млрд сомду түздү. Ошол эле учурда, социалдык милдеттер боюнча чыгымдар 72 млрд сомду түздү.

«Жана ушул милдеттердин басымдуу бөлүгү сырткы булактардын эсебинен жабылды. Ошондуктан донорлорду жана ресурстарды тартуу муктаждык болуп саналган. Сырткы жардам максималдуу түрдө льготалык негизде тартылууда. Шарттар, мөөнөттөр, каникулдар, баардыгы льготалык негизде»,-деп белгиледи Асрандиев.

 

Тэги: финансирование бизнес кредиты Эркин Асрандиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу