Улуттук банк Бишкектеги “Один доллар” акча алмаштыруу бюросунун лицензиясын жокко чыгарды.
Тактап айтканда, 9-февралынан тарта Бишкек ш., Шопоков 91 көч., Цум-2 соода жайынын 1-кабатында жайгашкан акча алмаштыруу жайы жабылган.
Мындай чечим лицензияда көрсөтүлбөгөн иштер аткарылганына байланыштуу кабыл алынганы айтылат.