ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соода көлөмү 2021-жылдын январь-март айларында 165,5 млрд долларды түздү, деп билдирди ЕЭК.
Маалыматка ылайык, товарлардын экспорту 98,3 млрд долларга, импорт 67,2 млрд долларга жетти. 2020-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3,9% га, же 6,2 млрд долларга көбөйүп, экспорт 2,3% га (2,3 млрд доллар) азайган, импорт 14,5% көбөйгөн (8,5 млрд доллар).
Тышкы сооданын профицити 31,1 миллиард долларды түзгөн, 2020-жылдын январь-март айларында 41,9 миллиард доллар болчу.