Улуттук банктын былтыркы жалпы кирешеси 9 млрд сомду түздү

31.01.2023, 10:49 Акчабар
Улуттук банктын былтыркы жалпы кирешеси 9 млрд сомду түздү

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдагы Улуттук банктын жалпы кирешеси 9 миллиард 436 миллион сомго жакын. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева маалымат жыйынында билдирди. 

Расмий маалыматтар текшерүүдөн кийин болот. 

Өткөн жылы Улуттук банктын интервенцияларынын жалпы көлөмү 486 миллион долларды түздү. Ошол эле учурда сунуш суроо-талаптан ашып кеткендиктен банк 190 миллион долларды да сатып алган.

“Өз кезегинде чет элдик валютаны таза сатуу 295,8 млн долларды түздү”, - деди Карабаева.

Тэги: Нацбанк КР новости Кыргызстана прибыль

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу