Быйыл Социалдык фонддун жалпы кирешеси 94,2 млрд сомго жетти

22.12.2023, 11:19 Акчабар
Быйыл Социалдык фонддун жалпы кирешеси 94,2 млрд сомго жетти

Кыргызстандын Социалдык фондунун отчетуна ылайык, 2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү 38%га жогорулап, орточо пенсиянын олуттуу түрдө 9 миң 354 сомго чейин өсүшүнө алып келди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 миң 692 сомго көп. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2023-жылдын 11 айында Социалдык фонддун жалпы кирешеси 94,2 млрд сомго жетип, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 130,5%га өстү. Камсыздандыруу төгүмдөрү да 126,6%га өсүп, 57,1 млрд сомго жеткен.

Бирок бул мезгилде пенсияга чыгашалар 67,2 млрд сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 15 млрд сомго көбөйгөн. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жана Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна да 324 млн сом каржыланды.

Соцфонд тарабынан пенсионерлерге олуттуу колдоо көрсөтүлүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча республика боюнча пенсия алуучулардын саны 765,8 адамды түзөт, алардын 77% коммерциялык банктар аркылуу кайрылгандар. 

Тэги: новости Кыргызстана Соцфонд Бактияр Алиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу