Өткөн 2022-жылы Кыргыз фондулук биржасында акциялар жана облигациялар соодасынын жалпы көлөмү 17 миллиард 834 миллион 318,4 миң сомду түздү.
Жалпысынан 2 миң 11 бүтүм жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 460 миллион 100 миң 178 баалуу кагаз сатылган. Сооданын көпчүлүк бөлүгүн, 94,4%ын биринчилик рынок ээлеп, анын көлөмү жыл ичинде 16 млрд 829 млн 219 миң сомду түзгөн.
Биринчилик рыноктогу сооданын эң чоң көлөмү август айында катталып, анын жалпы баасы 3 млрд 907 млн 370 миң сом болгон. Бүтүмдөр негизинен корпоративдик баалуу кагаздар менен катталган. Бир бүтүм мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуу бөлүмүндө жүргүзүлгөн.
Сооданын негизги үлүшүн “Айыл Банк” (700 млн. сомго акциялардын 18-чыгарылышы), Мамлекеттик ипотекалык компания (1,8 млрд. сомго акциялардын 13-чыгарылышы), “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” (акциялардын кошумча эмиссияларын жайгаштыруу боюнча бүтүмдөр ээлеген. Акциялардын 2-чыгарылышы 100 миллионго), “РСК Банк” (23-чыгарылышы 1 млрд. акция) жана Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду (300 млн. акциянын 5-чыгарылышы) ээлешкен.