“Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу унаалардын кезеги кыскарууда. Бул тууралуу “Акчабарга” УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, азыр Казакстанга өтүү үчүн өткөрүү пунктунда 240ка жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат. Ошол эле учурда чек арадан суткасына 653 унаа өткөн.
Эскерте кетсек, 14-мартта Чек ара кызматы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинин алдында 430 жүк ташуучу унаадан турган кезек болгонун билдирген.