Расмий түрдө 800 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө, кеминде 11 өлкөдө иштеп жүрүшөт. Бул тууралуу Социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин сайтында маалымдалды.
Мекеменин маалыматы боюнча, эмгек мигранттарынын көбү Орусияда – 680,5 миң адам. Түркия менен Казакстанда ар биринде 35 миң, Канада менен АКШда 26 миң, Германия менен Польшада 11,2 миң, Түштүк Кореяда 6,4 миң, Өзбекстан менен Бириккен Араб Эмираттарында 5 миң, Англияда 3 миң адам бар.