Россия банкы 5-майга карата валютанын орус рублине карата курсун жарыялады. Такталган маалыматтарга караганда, рубль АКШ долларына жана еврого карата бекемделди.
Ошентип, 5-майда АКШ долларынын расмий курсу 69,416 рубль деп белгиленген, бул банк курсун акыркы жолу жаңырткан 30-апрелге салыштырмалуу 2,26%га аз.
Белгилей кетсек, АКШ валютасы 2020-жылдын июнь айынан бери биринчи жолу 70 рублга чейин төмөндөдү.
Доллардын артынан европалык валюта да арзандаганын кошумчалай кетели. Ал бир күндө 2,38% жоготуп, 72,7815 рублга чейин төмөндөдү. Акыркы жолу евро мындай чекке 2020-жылдын февраль айында түшкөн.