Сомдун официалдуу курсу башка валюталарга карата төмөндөдү. Доллардын наркы 0.61% жогорулап, 81.1 сомду түздү. Андан сырткары, евро 0.53% кымбаттап — 95.8 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат.
Бул убакыт аралыгында коммерциялык банктарда доллар 81.9 сом, евро 96.9 - 97.3 сом менен сатылууда.
Эске сала кетсек, экономист Нүргүл Акимованын айтымында, сомдун курсуна үч фактор таасир этет: алтынга болгон баа, экспорттун көлөмү жана эмгек мигранттардын акча которуулары. Эгерде бул үч фактордун көрсөткүчү төмөндөсө, улуттук валютанын долларга карата наркы дагы төмөндөйт.
трлн долларов США
Объем торгов на фондовых биржах ЕАЭС