Кыргызстанда расмий жумушсуздуктун деңгээли 2,9%га төмөндөдү

12.07.2022, 10:49 Акчабар
Кыргызстанда расмий жумушсуздуктун деңгээли 2,9%га төмөндөдү

ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2022-жылдын май айынын аягында 1 миллион 17,5 миң адамды же жумушчу күчүнүн 1,1%ын түздү. Маалыматты Евразиялык экономикалык комиссия жарыялады.

2021-жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу ЕАЭБде расмий жумушсуздардын саны 41,1%га азайды.

Кыргызстанда 75,2 миң адам расмий жумушсуз же жалпы жумушчу күчүнүн 2,9% түзөт. Бул өткөн жылдын май айына салыштырмалуу эки пайызга аз.

 

Эл аралык эмгек уюмунун методологиясына ылайык, ЕАЭБде жумушсуздуктун деңгээли 2022-жылдын биринчи кварталында жумушчу күчүнүн 4,4%ын түздү, анын ичинде Арменияда – 14,8%, Беларуста – 3,7%, Казакстанда – 4,9%, Россия – 4,2%, Кыргызстан – 5,8% болду.

Тэги: безработица ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу