Өкмөт: 14 оорукананы куруу жана реконструкциялоо боюнча иш жүрүүдө

19.08.2020, 16:00 Акчабар
Өкмөт: 14 оорукананы куруу жана реконструкциялоо боюнча иш жүрүүдө

Учурда 14 оорукананы куруу жана реконструкциялоо боюнча иш жүрүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

 

Анын айтымында, бардык ооруканалар медициналык жабдыктар менен толук жабдылып, тийиштүү персоналдар ишке тартылат. Бул боюнча бардык иштер жигердүү жүрүп, көзөмөлдө турат.

«Акыркы учурда интернет айдыңында салынып баштаган ооруканалар белгиленген мөөнөттөрүндө бүтпөй калат деген кооптонгон маалыматтар чыгып жатат. Биз буга чейин аймактарда жана Бишкек, Ош шаарларында жалпы 12 объект курулуп жатканын кабарлаганбыз. Аларга дагы 2 оорукана кошулду: Жалал-Абад шаарында жана Кара-Суу районундагы Чайчы айылында. Учурда 14 оорукананы куруу жана реконструкциялоо боюнча иш жүрүп жатат. Мен, өкмөт башчы катары, баарыңыздарды ишендирип кетем: ооруканалар боюнча белгиленген курулуш иштери аба ырайына байланыштуу гана кээ бир объектилер 4-5 күнгө кечиктирилип калбаса, сөзсүз курулушу аягына чыгарылат», - деди ал.

Тэги: Өкмөт оорукана реконструкция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу