Өкмөт: Кафе, ресторандарда ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керек

04.09.2020, 09:20 Акчабар
Өкмөт: Кафе, ресторандарда ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керек

Кафе, ресторандарда куран окутуп, ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.   

 

«Адистердин божомолу боюнча, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн. Калк эгер ден соолугуна көңүл кош караса, сентябрь айынын аягында эл массалык түрдө оорушу ыктымал. Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарда элдин көп баруусуна байланыштуу. Жарандар куран окутуп, ар кандай салтанаттарды өткөрүп жатышат. Кафе-ресторандардын кожоюндары 3000 сом айыппул төлөп коюп, келгендерди бейкапар эле кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип жатканы түшүнүктүү, бирок биз COVID-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр тийиштүү түзүмдөргө кафе-ресторандардагы иш-чаралардын өтүүсүн көзөмөлдөөнү, ошондой эле эл көп чогулган жерлерде, транспортто рейддерди өткөрүүнү күчөтүүнү тапшырды. 

 

Тэги: кафе ресторандар маараке

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу