Ушул жылдын биринчи чейрегинде микрокредиттик уюмдар 8,8 миллиард сомго насыя беришкен, ал эми алуучулардын саны 152 миңге жакын адамды түздү, деп жазды Улуттук статистикалык комитет.
Микрокредит алуучулардын басымдуусу Ош облусуна туура келген, бул жалпы алуучулардын 25%га жакынын түзөт.
"Эң көп микрокредиттер Ош облусунун (1,9 млрд сом, же берилген насыялардын жалпы көлөмүнүн 21%дан ашыгы), Бишкек шаарынын (1,6 млрд сом, же 18%), Чүй (1,3 млрд сом, же 15%) жана Жалал-Абад облусуна (1,2 млрд. сом же 13,5%) туура келди", - деп билдирет статистикалык мекеме.