Кыргызстандагы 60ка жакын стартапка 5 миң евро берилиши күтүлүүдө

23.08.2022, 10:10 Акчабар
Кыргызстандагы 60ка жакын стартапка 5 миң евро берилиши күтүлүүдө

Кыргызстанда DigiKonush долбоорунун алкагында айылдык жамааттар үчүн стартаптар жана санариптик идеялар сынагына арыздарды кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу долбоордун басма сөз кызматы билдирди.

Бир айдын ичинде өлкөнүн бардык аймактарынан, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келген мекендештерден 56 кайрылуу түшкөн.

Көрсөтүлгөн идеялардын арасында балчылык чөйрөсүндөгү инновациялык технологиялар, тамчылатып сугаруу, 3D визуализация, мобилдик карта түзүү тиркемелери жана робототехника бар.

Бүгүн гранттык комиссиянын биринчи отуруму өтөт, анын курамына Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, Креативдүү өнөр жай ассоциациясынын, Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү коалициясы, ISOC Интернет коому, Techwomen, Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы, ошондой эле Жаштарды өнүктүрүү институтунун өкүлдөрү кирет.

Белгилеп кетсек, төрт жуманын ичинде катышуучулар акселерация программасынан өтүп, андан соң долбоорлордун акыркы тандоосу 28-сентябрда өтөт. Гранттык каржылоонун максималдуу суммасы 5 миң еврону (401,4 миң сом) түзөт.

Тэги: акселерационная программа конкурс стартапов МЦР IT технологии

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу