Октябрда салык 1,4 млрд сомго ашыгы менен чогултулган

03.11.2020, 16:15 Акчабар
Октябрда салык 1,4 млрд сомго ашыгы менен чогултулган

 Алдын-ала маалымат боюнча, Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2020-жылдын октябрь айында 7 млрд 590,9 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналды.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 123,4 пайызга аткарылып, 1 млрд 440 млн сомго ашыгы менен чогултулду.

2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 839,5 млн сомго көбөйгөн. Жалпысынан ушул жылдын 10 айында 62 млрд 646,1 млн сом салыктар жана төлөмдөр жыйналды.

Белгилей кетсек, акыркы 5 айда Салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджет боюнча артта калуулар 5,7 млрд сомго кыскартылган, себеби коронавирус пандемиясынын натыйжасында киргизилген чектөөлөрдүн айынан март, апрель жана май айларында салыктар боюнча план 6,4 млрд сомго түшүп кеткен болчу.

Белгиленген план 123,4 пайызга аткарылып, 1 млрд 440 млн сомго ашыгы менен чогултулду.

2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 839,5 млн сомго көбөйгөн.

Жалпысынан ушул жылдын 10 айында 62 млрд 646,1 млн сом салыктар жана төлөмдөр жыйналды.

 

Тэги: октябрь салык млрд сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу