Октябрда бюджетке киреше 28% аз түштү

22.10.2020, 10:00 Акчабар
Октябрда бюджетке киреше 28% аз түштү

Республикалык бюджетке ктүшкөн кирешенин көлөмү 21-октябрга карата 6 млрд 881 млн сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2 млрд 710 млн сомго же 28% аз. Мындай  маалыматты финансы министрлиги билдирди. 

Ведомстводон белгилешкендей, бюджеттин корголгон беренелери биринчи кезекте каржыланат. 

21-октябрга карата төмөнкү багыттар  каржыланды: 

  • бюджет тармагында иштегендердин эмгек акысына — 1 млрд 460 млн сом; 
  • пенсияга — 1 млрд 834 млн сом;
  • социалдык жөлөк пулдарга — 769 млн сом;
  • саламаттык сактоо тармагына — 883.5 млн сом.

Октябрь айынан башынан тарта 6 млрд 144 млн сом сарпталды. Муну менен катар бардык чыгымдардын өз максаттары бар жана  бекитилген «2020-жылга карата Республикалык бюджет» мыйзамына ылайык жумшалат. 

Тэги: республикалык бюджет Финансы министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу