Мектептерде окуу процесси 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегинде дистанттык формада уюштурулат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова брифинг учурунда маалымдады.
«Кыргызстандагы мектептерде окуу процесси 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегинде дистанттык формада уюштурулат. 1-класстарда гана салттуу форматта, бирок санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен жана атайын иштелип чыккан нускамалардын негизинде окуу процесси уюштурулат. Билим берүү тармагындагы кызматкерлерге, педагогдорго, окуучуларга, ата-энелерге ар тараптуу кѳмѳк кѳрсѳтүү максатында атайын сунуштамалар жана нускамалар иштелип чыкты», - деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.