Эмне үчүн окуучулардын ӨИН номуру чогултулуп жатат? Билим берүү жана илим министрлиги жооп берет

30.01.2020, 13:15 Акчабар
Эмне үчүн окуучулардын ӨИН номуру чогултулуп жатат? Билим берүү жана илим министрлиги жооп берет

КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 25-ноябрында чыккан буйрукка ылайык, «Жаңы китеп» мекемеси китептерди башкаруунун маалыматтык системасын түзүүнү баштаган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган иш-чаранын алкагында китептер жана китеп фонддору, ошондондой эле китепти ижарага алып окуп жаткан окуучулардын базасы боюнча эки маалымат базасы түзүлүшү керек. Биринчиси – китептер жана китеп фонддору боюнча, экинчиси – ижарага китеп алып окуп жаткан окуучулардын маалымат базасы.

Өздүк идентификациялык номер - бул ар бир окуучунун тек-жайын аныктай турган уникалдуу код. Ал окуучунун аты-жөнү, туулган күнү, окуган мектеби, классы тууралуу маалымат туура жазылгандыгын камсыздап, ката болуп калуудан сактайт.

Окуучу тууралуу маалымат анын ата-энесинин макулдугу менен чогултуп, ӨИН тутумга бир гана жолу киргизилет. Аталган система окуучулардын маалыматтарына байкоо жүргүзүүгө, министрликке керектүү ар кандай отчетторду толтурууда жана бирдиктүү маалымат базасына киргизүүдө көмөк көрсөтөт.

Тэги: билим берүү жана илим министрлиг окуучу окуучу ӨИН

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу