Өлкөгө кирип жаткан жарандарды текшерүү күчөтүлөт

16.03.2020, 13:00 Акчабар
Өлкөгө кирип жаткан жарандарды текшерүү күчөтүлөт

Коронавирустан улам өлкөгө кирип жаткан жарандарды текшерүү күчөтүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Абылгазиев коронавирус Кыргызстандын жакынкы эки коңшу өлкөгө – Казакстан менен Өзбекстанга келгенин, алар менен соода-экономикалык алака, жарандар ортосундагы карым-катнаш бар экенин айтып, өлкөгө коронавирустун келүү коркунучу артканын билдирди. Аны менен бирге ал чек араларда текшерүү күчөтүлөрүн айтып өттү.

«Өлкөгө келип жаткандарды чек арадан текшерүүлөр күчөтүлүп, текшерүүнүн убактысы узарат. Буга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз», - деди ал.

Анын менен бирге ал азык-түлүк жетиштүү болорун айтты. Ал өлкөдө ун жана нандын баасы так бекитилип, алар белгиленген баа боюнча кымбаттатылбай сатыларын билдирди.

Анын айтымында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 60 миң тоннадан ашык ун жана буудай бар экенин жана ун менен буудай алып келүү үчүн каражат бөлүнүп жатканын билдирди.

Тэги: өлкө жаран текшерүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу