Үч жүзгө жакын жеке ишкер онлайн режимде каттоодон өттү

24.04.2024, 09:51 Акчабар
Үч жүзгө жакын жеке ишкер онлайн режимде каттоодон өттү

297 ишкер салык органында жеке ишкер катары онлайн каттоодон өтүшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Анын ичинде 102 ишкер Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу, 195 ишкер MegaPay жана Ишкер 24 мобилдик тиркемелери аркылуу катталышкан.

Эскерте кетсек, буга чейин салык кызматы салык органына барбай эле салык төлөөчүлөрдү онлайн каттоо кызматын ишке киргизген.

Каттоого арыз түзүү үчүн Cabinet.salyk.kg сайтынан "Каттоо" бөлүмүн тандап, андан кийин "Салык төлөөчүнү каттоого онлайн арыз берүү" бөлүмчөсүнөн идентификациялоо жол-жобосунан өтүү керек. Бул үчүн идентификациялоонун бирдиктүү системасын (ЕСИ), электрондук цифралык кол тамганы же Smart-iD KG колдонууга болот.

Cabinet.salyk.kg сайтынын "Каттоо" бөлүмүнөн эле арыздын статусун көрүп, жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү басып чыгарууга болот. Күбөлүк арыз берилген күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде берилет.

Бул кызматты колдонуу жөнүндөгү кошумча маалыматты Cabinet.salyk.kg сайтынан (“Жетекчилик” бөлүмүнөн cabinet.salyk.kg/manual) алууга болот.

 

Тэги: новости Кыргызстана глава ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу