Өнөр-жай тармагы 5.5% төмөндөп кетти

21.12.2020, 12:05 Акчабар
Өнөр-жай тармагы 5.5% төмөндөп кетти

Пандемиянын кесепетинен улам өнөр-жай тармагы 5.5% төмөндөп кетти. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Ош шаарында өткөн өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча Мамлекеттик комитеттин жыйынында билдирген. 

 

 

 

Вице-премьер-министр белгилегендей, өндүрүш тармагын өнүктүрүү жана инвестициалык климатты жакшыртуу үчүн өнөр жай тармагынын интерактивтүү картасын түзүү зарыл. 

«Өнөр жайды туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында коюлган иш-чараларды толук кандуу аткарылышын катуу көзөмөлдөө керек. Инвесторлорду электр энергиясы менен камсыздоо жана башка болгон маселер тез арада чечилүүгө тийиш», - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Вице-премьер-министр тоо кен тармагына токтолду. 

«Тармактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тоо кен ишканаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылышы зарыл. Ошол эле учурда жергиликтүү калктын жана инвесторлордун кызыкчылыктарын эске алуу менен тараптардын компромисске  келүүсү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү шарт», -деди Равшанбек Сабиров. 

Ошондой эле Кыргызстандан чыгарылып жаткан руда жана концентраттардын ичинде баалуу металлдардын өлчөмүн аныктоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдү орнотуу керектигин кошумчалады. 

Тэги: өнөр-жай тармагы Равшанбек Сабиров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу