ОПЕК+ өлкөлөрү келишимди кайрадан түзүштү

11.04.2020, 10:00 Акчабар
ОПЕК+ өлкөлөрү келишимди кайрадан түзүштү

ОПЕК жана ОПЕК+ мамлекеттеринин мунай өндүрүүнүн көлөмүн азайтуу боюнча буга чейинки сүйлөшүүлөрүндө Мексика өз макулдугун бербей, дискуссиядан чыгып кеткендиги маалым болгон. Буга ылайык, кечээ, 10-апрелде Мексика менен кайрадан сүйлөшүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында мунай өндүрүүнүн көлөмүн азайтуу чечимине макул болду. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги маалымдады.

Макулдашуу тууралуу Мексиканын энергетика министри өзүнүн Twitter барагына дагы жазып чыкты.

«Мунай баасын стабилдештирүү максатында, Мексика ОПЕК мамлекеттери менен сүйлөшүүдө суткасына 100 миң баррелге чейин мунай өндүрүүнү азайтуу сунушун берген. Эми биз баррелдин көлөмүн 1.781 млн дон 1.681 млн го чейин кыскартабыз», — деп жазды ал.

Энергетика министри белгилеп кеткендей, Мексика күнүнө буга чейин сунуштаган 100 миң баррелге чейин кыскартуу позициясынан тайган жок. Мунайдын калган бөлүгүн АКШ өз милдетине алмай болду.

«Президент Трамп Кошмо Штат Мексиканын үлүшүн жабуу үчүн  күнүнө мунайды 250 баррелге чейин кыскартарын билдирди», — деп айтты Мексиканын президенти Лопес Обрадор.

 

Эске сала кетсек, 6-мартта ОПЕК жана ОПЕК+ өлкөлөрүнүн келишими бузулуп, жыйынтыгында доллар курсунун кескин көтөрүлүшүнө жана мунайга болгон баанын төмөндөшүнө алып келген. 9-апрелде 10 сааттык сүйлөшүүдөн соң ОПЕК+мүчө өлкөлөр мунай казунун көлөмүн кыскартуу чечимине келишти.

Тэги: ОПЕК+ өлкө келишим

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу